Бишкекте бир күндө 6 миң түп бак отургузуу пландалууда

Коом
Бишкекте бир күндө 6 миң түп бак отургузуу пландалууда
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Бишкекте 14-ноябрда жалпы шаардык көчөт отургузуу акциясы өтүп, Манас көчөсүнө 6 миң түп бак отургузуу пландалууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбор калаанын тарыхында биринчи жолу бир жолку иш-чаранын алкагында бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң көчөт отургузулат.

Акция саат 09:00дөн 11:00гө чейин өтөт. Ага катышууну каалагандарды мэриянын имаратынын алдына саат 09:00дө чогулууга чакырышат.

Көчөттөрдү "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы камсыздайт.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун экологиялык демилгеге кошулууга чакырат.