Бишкекте рак илдетин жеңген аялдар бак отургузушту

Коом
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.13.59 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.14.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.14.00 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.14.00 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.14.00 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.14.00 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.14.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.13.59 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 06.13.59 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү.

Мэриядан билдиришкендей, анда Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар катышты.

Дагы бир экологиялык акция Тоголок Молдо атындагы гүл бакчада өткөрүлүп, ага катальпа жана ясень дарактарынын 138 көчөтү отургузулду. Иш-чарага дарыгер-онкологдор, онкологиялык ооруну жеңип чыккан аялдар, ошондой эле учурда дарыланып жаткан бейтаптар катышты.

Тоголок Молдо атындагы сквер жакында эле реконструкциядан өткөн. Аймакты көрктөндүрүү иштери жаш ишкерлердин демилгеси менен жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.