Кыргызстанда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган "Жашыл дем" экологиялык кыймылы өзүнүн масштабдуу акцияларын улантууда. Бир жылдан бери жигердүү иш алып барып жаткан бул демилге өлкө аймактарын жашылдандырууну максат кылат.
“Жашыл дем” экологиялык кыймылынын өкүлү Жибек Амантур кызынын айтымында, быйыл фестиваль бир эле учурда үч жерде өтүп жатат.
- Бишкек шаарында Карагач токоюнда: Мында 15 миңге чукул көчөт отургузулду,
- Кемин районундагы Ак-Түз аймагы: Жаратылышы кооз бул жерге 6 миң түп ак кайың отургузулду,
- Жалал-Абад облусунун Манас шаары: Бул аймакта 9 миң көчөт отургузулуп, жалпысынан акциянын алкагында 30 миңдей көчөт тигилди.

"Жашыл дем" экологиялык кыймылы көчөт отургузуу иштерин фестиваль катары уюштуруп, элге майрамдык маанай тартуулоосу менен айырмаланат. Өткөн жылы 4-октябрда Кегетиде өткөрүлгөн масштабдуу фестивалга 300дөн ашуун жаран катышып, 15 миңдей көчөт тигилген.

"Биздин максат — Кыргызстандын бардык аймактарын жашылдандыруу. Биргеликте биз аракет кылышыбыз керек. Экология бизди күтпөйт, биз ага жардам беришибиз зарыл", — дейт “Жашыл дем” экологиялык кыймылынын өкүлү Жибек Амантур кызы.
Долбоор мамлекеттик органдар, токойчулар, бизнес өнөктөштөр жана жөнөкөй жарандардын колдоосу менен ишке ашууда.
Каалоочулар Jashyldem.com сайты аркылуу 249 сомго көчөттү онлайн сатып алып, экологияга өз салымын кошо алышат. Сатып алуудан кийин электрондук почтага атайын сертификат жөнөтүлөт.
Ал эми отургузулган бак-дарактар атайын тандалган аймактарда жаратылыштын балансын сактап, биологиялык ар түрдүүлүктү камсыз кылмакчы.

Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында токой аймактарын кеңейтүү жана жаратылыш экосистемасын калыбына келтирүү багытында иштер кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси Адилбек Касмалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, парктын аймагында жыл сайын көчөттөрдү отургузуу иштери колго алынат. Отургузулган көчөттөргө алгачкы 2-3 жыл аралыгында өзгөчө кам көрүлөт. Булар кышында кар астында жатып, жазында өз алдынча калыбына келип өсө баштайт.
“Өткөн жылдары отургузулган бактар 65-70% пайыздык өнүмдүүлүк көрсөтсө, быйылкы толук кандуу иштердин натыйжасында бул көрсөткүч 90%га жеткирилди. Бул жерде негизинен Тянь-Шань карагайлары жана башка жалбырактуу бактардын түрлөрү аралашып өсүүдө. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү, жаан-чачындын аз болушу жана кургакчылык жаш көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн, ошондуктан аба ырайынын туруктуу болушу чоң мааниге ээ”, - деди Адилбек Касмалиев.
Кемин районунда 10 гектар аянтка 6 миң түп көчөт аймакты жашылдандыруу максатында кеңири масштабдуу акциянын алкагында отургузулду. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асел Жумалиева билдирди.

"Жашыл дем" долбоорунун демилгечилери 2 миң түп көчөт алып келишкен. Кемин жаратылыш паркы тарабынан 4 миң түп көчөт бөлүнүп берилди. Бул бак отургузуу иш-чарасына жергиликтүү тургундар, жаштар жана Бишкек шаарынан келген бир топ жаш активисттер катышты. Асел Жумалиева белгилегендей, мындай жашылдандыруу акциялары Кемин районунда жыл сайын туруктуу түрдө уюштурулуп, айыл өкмөттөр жана демөөрчүлөр тарабынан колдоо таап келет.

Бүгүн Бишкектеги “Карагач токою” паркында күзгү экологиялык фестивалына министрлер кабинетинин торагасынын орун басары Улан Маматканов, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ыктыярчылар, шаар тургундары, ошондой эле “Кабар” агенттигинин жалпы жамааты да катышты.

”Жашыл дем” долбоорунун негиздөөчүсү Исражидин Зарипов маалымдагандай, долбоордун алкагында 15 миңден ашык кара жыгач көчөтү отургузулду.
”Иш-чарага 250дөн ашык адам катышып, алардын арасында жарандык активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана долбоорду колдогондор бар. Алдыда көчөттөрдү Бишкек, Кара-Балта шаарларына жана жашылдандырууга муктаж башка аймактарга отургузуу пландалууда”, - деди ал.

Иш-чара борбор калааны жашылдандырууга, экологиялык демилгелерди колдоого жана жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын жайылтууга багытталган.

Уюштуруучулар мындай акциялар долбоордун алкагында дагы уланарын белгилешүүдө.