Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Кемин районундагы Ак-Түз капчыгайында 10 гектар аянтка 6 миң түп көчөт аймакты жашылдандыруу максатында кеңири масштабдуу акциянын алкагында отургузулду.
"Жашыл дем" долбоорунун демилгечилери 2 миң түп көчөт алып келишкен. Кемин жаратылыш паркы тарабынан 4 миң түп көчөт бөлүнүп берилди.
Бул бак отургузуу иш-чарасына жергиликтүү тургундар, жаштар жана Бишкек шаарынан келген бир топ жаш активисттер катышты.