Сузакта 100 гектар жерге көчөт отургузулат

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Сузактагы Орток токой чарбасында 2027-жылы 100 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, учурда бул иштерге даярдык көрүлүп жатат.

Токой чарбанын Ой-Тал аймагындагы белгиленген жер тилкесинде алдын ала иштетүү жана көчөт отургузуу үчүн чуңкур казуу иштери жүрүүдө. Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, чуңкур казуу иштери 10 күндүн ичинде толук аяктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Бул иштердин алкагында 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт. Бул Кыргызстандын жалпы аймагынын 6,4 пайызына барабар.

Токой аянттарын кеңейтүү жана экосистемаларды калыбына келтирүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, экологиялык абалды жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган.