Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Ишемби күнү Германияда жаштардын нааразылык акцияларынан кийин Берлин, Гамбург, Франкфурт-на-Майне жана Кёльн шаарларында башаламандыктар орун алып, демонстранттар полиция менен кагылыша кетишти. Euronews билдиргендей, шаарлардагы кырдаал жекшемби күнү эртең менен турукташып, келтирилген зыян эсептелип жатат.
Нааразычылык акцияларынын катышуучулары петардаларды жардырып, жолдо дүкөндөргө, мүлккө зыян келтирип, ошондой эле полицияга таш ыргытышкан.
Абал жөнгө салынгандан кийин бир нече кылмыш иштери козголду. Анын ичинде коомдук тартипти одоно бузуу жана полиция кызматкерлерине кол салуу боюнча беренелер менен айтыпталып жаткандар бар.
Германиянын ички иштер министри Александр Добриндт башаламандык үчүн “солчул топторду жана мигранттар коомчулугундагы хулигандарды" күнөөлөдү.
Эскерте кетсек, Хэллоуин түнүндө Францияда, Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө бир катар нааразычылык акциялары өттү.