Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда тигүү тармагында 20 жылдан бери иш алып барган VENSTELLA фабрикасы продукциясын Россиядан тышкары Европа өлкөлөрүнө да экспорттой баштады. Бул тууралуу фабриканын ээси Венера Калыбаева Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата уюштурулган иш-чарада “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары мамлекет тарабынан аял ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдоо өндүрүштү улантууга жана өнүктүрүүгө жардам берүүдө. Айрыкча ишканага кыйынчылык жаралган учурларда тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.
“Мамлекет тараптан абдан жакшы колдоо болуп жатат. Былтыр да жардам көрсөтүштү, быйыл товарларыбыз Wildberries кампасында күйүп кеткенде жана жолдо калганда да колдоо болду. Аял ишкерлерге чоң жардамдар берилип жатканына ыраазыбыз. Биз жабдууларды алуу үчүн насыя алган элек. Мамлекет ошол насыянын пайыздык үстөгүн 5 пайызга чейин төмөндөтүп берди. Бул биз үчүн чоң жардам болду”, - деди ал.
Венера Калыбаеванын маалыматына караганда, фабрика негизинен тигүү продукцияларын өндүрүп, буга чейин товарларын көбүнчө Россияга жөнөтүп келген. Акыркы бир жарым жылдан бери Европа рыногуна да чыгып, ал жактан түшкөн буйрутмалардын саны көбөйүүдө.