Мамлекеттин колдоосу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө – ишкер айым

Коом
Мамлекеттин колдоосу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө – ишкер айым
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Тигүү цехин иштеткен ишкер айым Тамара Абдыкеримова товарларын Wildberries маркетплейси аркылуу Россияга жөнөтөт. Быйылкы өрт кырсыктарынан кийин буйрутмалар азайып, бул өндүрүшкө да таасирин тийгизгенин ал Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтып берди.

Тигүү цехин беш жылдан ашуун убакыттан бери иштетип келет. Учурда анын цехинде негизинен Россиядан түшкөн буйрутмалар боюнча кийим-кечелер тигилет.

Ишкер айым мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо ишкерлер үчүн чоң жардам болуп жатканын белгиледи.

“Мамлекет тарабынан азыр көп жардам көрсөтүлүп жатат. Салык жагынан жеңилдиктер берилип, пайызсыз насыялар сунушталууда. Бул биз үчүн чоң колдоо. Өрт кырсыгынан жабыркаган ишкерлерге салыктык жеңилдиктер берилип, пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Көрсөтүлүп жаткан жардамдарга ыраазыбыз”, — дейт ал.

Ошол эле учурда ишкер Россияга товар жөнөтүүдө логистика жана документтерди тариздөө маселелери бир аз кыйынчылык жаратып жатканын айтты. Анын пикиринде, бул багытта жеңилдиктер каралса, ишкерлерге жакшы болмок.

“Азыр товарларды Wildberries аркылуу жөнөтүүдө айрым кыйынчылыктар бар. Айрыкча логистика жана документтер жагынан жеңилдиктер болсо жакшы болмок. Быйылкы өрт кырсыктарынан кийин буйрутмалар да азайды. Цехибиз негизинен Россиядан түшкөн буйрутмалар менен иштегендиктен, бул өндүрүшүбүзгө таасирин тийгизип жатат”, - деп кошумчалады Абдыкеримова.