Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги "1+1" программасы кантип иштей турганын жана эмнеге жардам берерин айтып берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, аталган программа 2025-2030-жылдарга карата аймактарды өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программада каралган жана жакында өлкөнүн бардык аймактарында иштей баштайт.
Белгиленгендей, ишкердикти баштоону ойлонуп жүргөндөр үчүн азыр эң ыңгайлуу убакыт.
Биргелешип каржылоо принциби
Мигрант керектүү каражаттын жарымын салат, калган 50% мамлекет же донор тарабынан берилет. Бул ыкма жаңы иш баштоо же иштеп жаткан бизнесин кеңейтүүнү жеңилдетет.
Эки түрдүү грант бар
- "Жаңы бизнес" – ишкерликти жаңы баштап жаткандар үчүн колдоо;
- "Бизнес өнүктүрүү" – өзүнүн ишин кеңейтүүнү каалаган ишкерлер үчүн жардам.
Программанын азыркы жыйынтыгы
Баткен облусунда программа жакшы натыйжа көрсөттү: жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундар түзүлдү, экономика жандана баштады. Азырынча долбоор ушул аймакта иштеп жатат, бирок жыйынтыктары келечекке үмүт берет.