Кыргызстанда жыл сайын 2,5 миңдин тегерегиндеги бала тубаса кемтик менен төрөлөт. Бул көйгөйдү эрте аныктоо жана алдын алуу максатында өлкөдө “Үмүт” улуттук программасы ишке ашырылып жатат. Аны ишке ашырууга 2 млрд 853 млн сом каралып, 2030-жылга чейин балдардын майыптыгын 15 пайызга кыскартуу максаты коюлган.
2025-жылы тубаса өнүгүү кемтиги менен 2 миң 844 ымыркай төрөлгөн. Мындай патология ымыркайлардын өлүмүнө себеп болгон учурлардын 15,8 пайызын түзөт. Өлкөдө тубаса кемтиги бар 18 миңден ашык бала жашайт.
“Үмүт” программасы кош бойлуу аялдарды текшерүүнү жакшыртып, пренаталдык скрининг аркылуу түйүлдүктөгү тубаса кемтиктерди эрте аныктоого жана балдардын майыптыгын алдын алууга багытталган. 3-ноябрда президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.
Программанын алкагында атайын борборлорду түзүү, адистерди даярдоо жана бирдиктүү санариптик маалымат системасын киргизүү каралган.

Медицина илимдеринин кандидаты, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы педиатры Гүлнара Жумагулованын айтымында, эки жыл мурун программаны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, пренаталдык скринингди саламаттык сактоо системасына киргизүү маселеси каралган.
Программанын максаты — эне менен баланын саламаттыгын чыңдоо, тукум куума жана хромосомалык оорулардын алдын алуу, ошондой эле өлүм көрсөткүчүн азайтуу.
“Пренаталдык скрининг дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө колдонулат. Ал эми биз бул багыттагы иштерди жаңыдан баштап жатабыз. Программаны киргизсек, аталган оорулардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ымыркайлардын чарчап калуусу да азаят. Себеби тубаса кемтиги бар балдар көбүнчө оор абалда төрөлүшөт”, — деди ал.
Жумагулова белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, тубаса кемтиги бар балдар көбүнчө ресурстары чектелген өлкөлөрдө төрөлөт.
“Биз ушул жагдайларды эске алуу менен программаны иштеп чыктык. Анын ишке ашырылышы медициналык жардамдын сапатын да жогорулатат. Мындан тышкары, мындай диагнозу бар балдардын так саны аныкталат.

Бишкек, Ош шаарларында жана аймактарда Генетикалык-консультативдик борборлор ачылат. Ал жерлерде тиешелүү адистер иштеп, зарыл учурда консилиум өткөрүшөт. Тобокелдик тобундагы кош бойлуу аялдар жашаган аймагындагы тиешелүү борборлорго жөнөтүлөт. Бул үчүн атайын багыттоо тартиби да түзүлгөн.
Буга чейин да кош бойлуу аялдар скринингден өтүп келишкен. Бирок текшерүүлөр бир гана багытта жүргүзүлүп, үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ болгон эмес. Айрым аялдар кош бойлуулугу боюнча каттоого да турбай калган учурлар кездешет.
Биохимиялык текшерүүлөрдүн көбү жеке медициналык мекемелерде жүргүзүлүп келген. Жаңы программада мындай текшерүүлөр мамлекеттик система аркылуу да жеткиликтүү болот. Анын жүрүшүндө түйүлдүктүн саламаттыгы ар бир баскычта текшерилет. Программа толук ишке ашса, бардык кош бойлуу аялдар скрининг менен камтылат. Процесс толугу менен санариптештирилгендиктен, текшерүүдөн өтпөй калган аялдар жана анын себептери да аныкталат.

Бишкектеги борбор негизги координациялык мекеме болот. Эгер аялдын кош бойлуулугу учурунда эч кандай патология аныкталбаса, текшерүүдөн жашаган жериндеги же аймактык борбордон өтөт. Ал эми кандайдыр бир тобокелдиктер болсо, Бишкекте жөнөтүлүп, кошумча текшерилет.
Быйыл нормативдик документтерди даярдап, кийинки жылдардан тарта программаны пилоттук негизде ишке киргизүү пландалууда. Кыргызстанда бул система биринчи жолу колдонулуп жаткандыктан, алгач анын иштеши жана жыйынтыгы текшерилет. Андан соң тажрыйба аймактарга жайылтылат. Мындай программа Казакстанда жана Россияда да колдонулуп, жакшы жыйынтыктарын берип жатат”, — деди Гүлнара Жумагулова.
Тубаса өнүгүү кемтиктерин эрте аныктоодо пренаталдык скринингдин мааниси чоң. Ал түйүлдүктүн эненин курсагында өсүп-өнүгүүсүн текшерип, жүрөк, мээ, омуртка, бөйрөк жана башка органдардагы мүмкүн болгон кемтиктерди өз убагында аныктоого жардам берет.

Азыркы учурда мындай текшерүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү аймактарда бирдей эмес. Айрым медициналык жабдууларды жаңылоо, биохимиялык жана генетикалык изилдөөлөрдү жеткиликтүү кылуу зарыл. Жаңы программа ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Анткени тубаса жана тукум куума оорулар баланын ден соолугуна гана эмес, үй-бүлөсүнө да олуттуу түйшүк жаратат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, майыптыгы оор бир баланы дарылоо, реабилитациялоо жана социалдык жактан колдоо үчүн жылына орточо 500 миң сомго чейин каражат сарпталат.