Сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү. Кимдер акысыз эмделе алат?

Ден соолук
Сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү. Кимдер акысыз эмделе алат?
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. 24-31-октябрь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 10 миң 432 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 142,1 учурду түздү. Ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 6,9%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн. Катталган учурлардын 68,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзүп, алардын саны 7 миң 103кө жеткен.

"Лабораториялык изилдөөлөрдө риновирус, парагрипп, аденовирус, сезондук коронавирус, бокавирус жана респиратордук-синцитиалдык вирус аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Сасык тумоонун алдын алуу үчүн өлкөгө "Гриппол+" вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатып алынган. Дагы 100 миң доза жеткирилери күтүлүүдө. Учурда бардык аймактарда эмдөө жүрүп жатат. Өнөкөт оорулары барлар, 65 жаштан жогорку жарандар, кош бойлуу аялдар, тез-тез ооруган балдар жана медицина кызматкерлери үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз эмделе алышат.

Министрлик жарандарды эмдөөдөн өтүүгө, кол гигиенасын сактоого, бөлмөлөрдү желдетүүгө жана оорунун белгилери пайда болгондо медициналык жардамга кайрылууга чакырды.