Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору сасык тумоонун негизги белгилери, оорунун мүмкүн болгон кесепеттери жана анын алдын алуу чаралары тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, адистер эмдөөдөн өтүүнү жана ден соолукту чыңдоого көңүл бурууну сунушташат.
Борбордун маалыматына ылайык, сасык тумоо — ар бир адам жуктуруп алышы мүмкүн болгон жугуштуу оору. Көпчүлүк адамдар бул оору менен бир нече күн гана оорушат. Бирок айрым учурларда оору оор өтүп, өлүмгө да алып келиши мүмкүн.
Адистер бул оорунун козгогучтары адамдан адамга аба аркылуу жугарын жана өтө жугуштуу экенин белгилешет.
Сасык тумоонун негизги белгилери
Оору башталганда адамдын абалы кескин начарлайт.
Негизги белгилери төмөнкүлөр:
- дене табынын көтөрүлүшү, айрым учурда 40,5 градуска чейин жетиши;
- баш оору;
- булчуңдардын жана муундардын сыздап оорушу;
- жарыкка сезгичтиктин жогорулашы.
Оорунун эң активдүү фазасы 3–5-күндөргө туура келет, ал эми айыгуу процесси 8–10-күндөрү байкалат.
Борбордон белгилешкендей, сасык тумоо менен ооруган учурда кан тамырлар жабыркагандыктан, тиштин эти жана мурундун былжыр челдери канашы мүмкүн. Оору өзгөчө жаш балдарда, улгайган адамдарда, өнөкөт оорулары жана иммундук системасынын оорулары бар адамдарда оор өтөт.
Мындан тышкары, бул оору өнөкөт ооруларды күчөтүп, ар кандай оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Алдын алуу жолдору
Адистер сасык тумоодон сактануу үчүн төмөнкү сунуштарды аткарууга чакырат:
- ага каршы эмдөөдөн өтүү. Эмдөө — оорудан коргонуунун эң натыйжалуу жолу;
- жетиштүү уктоо, иштөө жана эс алуу режимин сактоо;
- таза абада көбүрөөк жүрүү жана аба ырайына жараша кийинүү;
- туура тамактануу. Рационго А жана С витаминдерине, цинкке жана кальцийге бай азыктарды кошуу. Аларга цитрус жемиштери, киви, кургатылган жемиштер (мейиз, өрүк), таттуу калемпир, сүт жана кычкыл сүт азыктары, катуу сырлар, бышырылган балык, уй эти жана башка азыктар кирет;
- жылуу сууну көбүрөөк ичүү;
- коомдук жайларда медициналык беткап тагынуу;
- организмди чыңдоо.
Ошондой эле адистер өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырат. Алар белгилегендей, вирустук ооруну дарыгерге кайрылбай, бутка туруп өткөрүү кийин жагымсыз кесепеттерге жана ар кандай татаалдашууларга алып келиши мүмкүн.