Күз-кыш мезгилинде ден соолукту чыңдоо үчүн эмне кылуу керек?

Ден соолук 9 октябрь 2026 16:30
Күз-кыш мезгилинде ден соолукту чыңдоо үчүн эмне кылуу керек?

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Күз-кыш мезгилинде организмди суукка даярдоо үчүн уйку режимин сактоо, туура тамактануу жана дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгуу маанилүү. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Борбордун маалыматына ылайык, мезгил алмашканда организмдин энергияга болгон муктаждыгы да өзгөрөт. Жайында жеңил тамактанууга көнгөн организм күзүндө күнүмдүк активдүүлүктү сактоо үчүн жетиштүү азыкка муктаж болот.

Мындан тышкары, күндөрдүн кыскарышы жана күн нурунун азайышы организмде D витамининин жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Суук жана нымдуу аба ырайы менен кошо бул факторлор адамдын өзүн начар сезишине, чарчоого, баш ооруга жана кыжырданууга себеп болушу ыктымал.

Адистер күз-кыш мезгилинде ден соолукту сактоо үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • Күн тартибин сактап, жетиштүү уктоо;
  • Туура тамактанып, организмди керектүү азык заттар жана витаминдер менен камсыз кылуу;
  • Дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгып, физикалык активдүүлүктү сактоо;
  • Стресстен мүмкүн болушунча алыс болуу;
  • Аба ырайына жараша кийинип, суукка урунуп калуудан сактануу;
  • Үйдүн ичиндеги абанын температурасын 18–22 градус, нымдуулугун 50–60% чегинде кармоо;
  • Дарыгерге көрүнүп, профилактикалык текшерүүлөрдөн өз убагында өтүү.

Борбор белгилегендей, бул жөнөкөй эрежелерди сактоо организмдин сезондук өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусуна жана ден соолукту колдоого жардам берет.