Сасык тумоодон кантип сактануу керек — адистердин кеңеши

Ден соолук 6 октябрь 2026 10:40
Сасык тумоодон кантип сактануу керек — адистердин кеңеши
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Сасык тумоо, КРВИ жана сасык тумоого окшош оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн бир катар жөнөкөй эрежелерди сактоо сунушталат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору билдирди.

Адистер коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же антисептик менен тазалоону, КРВИнин белгилери бар адамдар менен тыгыз байланыштан алыс болууну жана кир кол менен бетти кармабоону сунушташат.

Ошондой эле жөтөлүү жана чүчкүрүүдө этикетти сактоо керек — мурун менен оозду салфетка же чыканактын бүгүлгөн жери менен жабуу зарыл.

КРВИ менен ооругандар көбөйгөн сезондук мезгилде коомдук жайларга барганда беткап же респиратор колдонуп, социалдык аралыкты сактоо сунушталат.