Балада ооруну эрте аныктоодо ата-энелер эмнеге көңүл бурушу керек?

Ден соолук
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Наристенин башын кармай алышы, колдорун кыймылдатышы, алаканынын абалы жана отурганда денесин түз кармашы анын өнүгүүсүн баалоодо маанилүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы балдар неврологу Асел Кадырова билдирди.

Адистин айтымында, айрым кыймыл-аракеттердеги өзгөчөлүктөр балдардын церебралдык шал оорусунун (ДЦП) алгачкы белгилеринен болушу мүмкүн.

"Бала төрөлгөндөн беш айга чейинки курагында башын канчалык жакшы кармай турганына көңүл бурушу керек. Мисалы, наристе көмкөрөсүнөн жатканда башын көтөрүп, кармай алабы жана эки колун көкүрөгүнүн ортосуна алып келе алабы – ушулар маанилүү. Ошондой эле баланын алаканын ачып-жумушуна байкоо жүргүзүү зарыл. Наристе чоңойгон сайын алаканын көбүрөк ачып турушу керек. Эгерде баш бармагы дайыма алаканынын ичине кирип турса, бул дагы көңүл бурууну талап кылган белгилердин бири.
Ал эми 6-8 айлык баланын отурганда денесин түз кармай алышына көңүл буруу керек. Бала чоңойгон сайын анын кантип жөрмөлөгөнүн, эки бутун тең бирдей кыймылдата аларын байкоо сунушталат", - деди дарыгер.

Дарыгер мындай белгилердин болушу балада сөзсүз ДЦП бар дегенди билдирбей турганын айтты. Бирок ата-энеде кандайдыр бир шек жаралса, баланын абалын өз алдынча баалоого аракет кылбай, педиатрга же балдар неврологуна кайрылып, адистин кеңешин алуу зарыл.