Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Жаз мезгилинде көбүнчө адамдардын иммундук системасы начарлап, организмдин вирустук инфекцияларга туруктуулугу азаюусу мүмкүн. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде дарыгер Айпери Нааманова билдирди.
Анын айтымында, иммунитет бул адамдын коргоочу функциясы катары сырттан келген ар кандай вирус, бактерия сыяктуу патогендерден коргойт.
“Иммунитеттин иштөөсү бул адамдын жашоо образына көбүрөөк байланыштуу. Биринчиден кыймыл, тамактануу, уйкунун толуктугу андан тышкаары, экологиянын, стресстин да таасири чоң. Ушунун бардыгы иммунитеттин бекем болушуна же алсырашына алып келет”, - деди Нааманова.
Дарыгердин пикиринде, өзгөчө жаз мезгилине карай адамдын иммундук системасы начарлап, вирустук инфекцияларга туруктуулугу азайып, чарчоо, алсыроо менен коштолушу мүмкүн.
“Буга биринчи себеп, күндүн нурунун аздыгынан Д витамининин синтезделиниши аз болот. Тамак-аш менен сиңген витамин-минералдардын өлчөмү да мезгилге жараша азаят. Бардыгы биригип организмге өзүнүн терс таасирин тийгизип, иммунитеттин түшүүсүнө алып келет”,- дейт дарыгер.
Белгиленгендей, иммунитет төмөндөгөндө ооруларга туруктуулук азайып, өнөкөт оорулар козголуп, адам шалдырап, уйку басат. Ал эми иммунитетти көтөрүү үчүн тамактанууну тууралап, витамин-минералдарды кошумча ичүү менен көбүрөөк кыймылдап, спорт менен машыгуу, туура эс алуу абдан маанилүү.