Жайкы уулануудан кантип сактануу керек? Дарыгердин кеңеши

Ден соолук Загрузка... 10 Июль 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Жайда күндүн ысыктыгы тамак-аштан уулануу коркунучун жогорулатат. Дарыгерлер катуу ысыкта күнүмдүк эле тамактар да кооптуу болуп калышы мүмкүн экенин эскертишет. Өзүңүздү жана жакындарыңызды ичеги-карындын курч инфекцияларынан кантип сактоо керектиги, кайсы симптомдордо этият болуу зарыл экендиги жана эмне үчүн өз алдынча дарыланууга болбой тургандыгы тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын балдар боюнча башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдолиева айтып берди.

21113936-cover-05-768x384.width-800.png

Анын айтымында, ичеги-карындын курч инфекциялары жыл сайын сезондук көрүнүшкө айланат. Ар бир мындай оору өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөргө ээ: кайсы мезгилде көп кездешери, кандай белгилер менен коштолору жана кайсы жаш курактагы адамдар көбүрөөк жабыркай турганы белгилүү.

“Биз эпидемиологиялык талдоо жүргүзөбүз, андан кийин оору эмнеден улам чыкканын, жугуу жолдорун жана башка жагдайларды аныктайбыз”, – деди ал.

Жай мезгилинин келиши менен бактериялар өзгөчө тез бузулуучу азыктарда активдүү көбөйө баштайт. Эт, сүт, жумуртка, торттор жана майонез кошулган салаттар эң кооптуу азыктарга айланат.

“Азык-түлүк менен уулануу бузулган тамакты жегенден эле эмес, ал тамакта көбөйгөн бактериялар өзүнүн уулуу заттарын бөлүп чыгаргандыктан да келип чыгат. Бул уулуу заттар тамак аркылуу адамдын организмине кирет. Ошондуктан инкубациялык мезгил бир нече мүнөттөн бир суткага чейин болушу мүмкүн. Ууланып калганда, биринчи кезекте бейтап эмне жегенин тактайбыз. Мисалы, бейтаптардын “Кечээ майрамдан эт алып келгем” же “даярдалган тамакты муздаткычка салып коем деп унутуп, бирок баары бир жеп койдум” же “ көчөдө тамак жегем” деп айткан учурлары көп кездешет”, – деп түшүндүрдү ал.

Ар бир адамдын иммунитетине жараша оору жеңил, орточо же оор формада өтүшү мүмкүн.

shutterstock_707253.2e16d0ba.format-webp.fill-.width-800.png

“Ууланганда адам алсыздайт, дене табы көтөрүлүшү мүмкүн, жүрөк айлануу, кусуу, ичтин оорушу жана диарея пайда болот. Оор учурларда денеден суу кетип, организмде суунун жоктугу пайда болот, кан басымы төмөндөп, адам алсыздайт”,-деди дарыгер.

Proyavleniya_pishchevogo_otravleniya.width-800.png

Дарыгер ошондой эле антибиотиктерди дарыгердин көрсөтмөсүз колдонбоону эскертти. Анткени, бул тескерисинче зыян келтириши мүмкүн. Үй шартында, тез жардам келгенге чейин, организмден улуу заттарды чыгарууга аракет кылуу керек, жылуу кайнатылган суудан ичүү керек (улууларга 2-3 литрге чейин) жана кусууга аракет кылуу керек. Эгерде куса албай жатса, эки манжасың оозуна салып, кусууга аракет кылууга болот. Андан кийин жоготулган сууну калыбына келтирүү үчүн жана активдештирилген көмүр дарысын ичүү маанилүү.

“Жакшы болуп калган учурда да сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек”, - деп белгиледи ал.

Молдолиеванын айтымында, бүгүнкү күндө Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 310 бейтап дарыланууда, алардын 242си - балдар. Жандандыруу бөлүмүндө учурда 100 бейтап жатат, ал эми 100дөн ашуун курч ичеги-карын оорусу менен ооруканага жаткырылгандар.