Гемодиализ кызматтарын аймактарда да жеткиликтүү кылып жатабыз – президент

Ден соолук
Гемодиализ кызматтарын аймактарда да жеткиликтүү кылып жатабыз – президент

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бүгүн Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаровго Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, гемодиализ алган бейтаптардын көйгөйлөрүн айтып берди. Анын белгилешинче, айрым бейтаптар гемоглобиндин деңгээли төмөндөп кеткенде дарыланууда кыйынчылыктарга туш болушат. Ошондой эле нефрологго көрүнүү үчүн талон алуу жана гемодиализ кызматын өз убагында алуу маселелери бар.

Буга жооп берген Садыр Жапаров мамлекет гемодиализ алган ар бир бейтапка жылына 15 миң долларга жакын каражат жумшап жатканын белгиледи.

“Гемодиализ алгандарга республикалык бюджеттен жылына 5 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп жатат. Мурда ар бир гемодиализ үчүн 100 доллардан төлөп келсеңер, азыр бул кызмат толугу менен мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүдө”, — деди президент.

Ошондой эле ал бөйрөк алмаштыруу операцияларын Кыргызстанда жасоого шарт түзүлгөнүн айтты. Учурда бейтаптар донор тапкан учурда операцияны өлкөдөгү медициналык мекемелерден акысыз жасата алышат. Ал эми операцияга керектелүүчү материалдар жана башка чыгымдар үчүн болжол менен 8 миң доллар талап кылынат.

“Эгерде ар бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып, гемодиализден чыгара алсак, анда мамлекет жыл сайын бир бейтапка жумшап жаткан 15 миң долларын үнөмдөйт. Ошондуктан операцияга кеткен чыгымдарды да мамлекет төлөп берүүнү карап жатабыз. Бул маселени жеке көзөмөлүмө алам”, — деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, гемодиализ алган 2 миңден ашуун бейтаптын донору бар экенин билдиргени менен, акыркы төрт жылда алардын ичинен 116 гана адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.

Мамлекет башчысы ошондой эле гемодиализ кызматтарын аймактарда жеткиликтүү кылуу максатында райондук борборлордо тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.