Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы канализация маселесин чечүү үчүн андагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын долбоору кеңейтилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган райондун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Жолугушууда Молдовановканын тургуну Аманбек айылда канализация системасынын жоктугун айтып, маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.
“Айылдагы эң көйгөйлүү маселе — биздин канализациябыз жок. Эки-үч кабат үйлөр бири-бирине жакын жайгашкан, ошондуктан өз алдынча септик казуу маселени чечпейт. Экинчиден, Малдаванканын жеринин бардыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын балансында турат. Ошондуктан айыл өкмөтү кандайдыр бир социалдык объекттерди курганга чектелген”,-деди ал.
Тургун белгилегендей, канализация системасын куруу боюнча долбоор даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Бирок тазалоочу жайды курууга жер маселесинен улам мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Белгилүү болгондой, учурда Молдовановкадагы колониянын аймагында жаңы аскер бөлүгү жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин имараттары курулууда. Бул долбоордо тазалоочу жай да каралган, бирок анын кубаттуулугу мекеменин кызматкерлеринин керектөөсүнө гана эсептелген.
Өз кезегинде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тазалоочу жайдын долбоорун айыл тургундарын да камтый тургандай кылып кайра иштеп чыгууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөтүнөн мындай сунуш түшкөн, бирок кошумча каражат талап кылынат. Себеби айылда миңге жакын үй бар жана алардын баарын канализация системасына туташтыруу үчүн тазалоочу жайдын кубаттуулугун көбөйтүү зарыл.
Өз учурунда президент долбоорду дагы бир жолу эсептеп, келечектеги керектөөнү да эске алуу менен долбоорду кеңейтүүнү тапшырды.
“Бир жасаганга жараша долбоорду кайра иштеп чыгып, чоңойткула. Бир жасап, 5-6 жылдан кийин кайра кеңейтебиз деп дагы каражат коротобуз. Андан көрө бир жасаганда эле долбоорду кеңейтип, толук жасап койгула”, — деди Садыр Жапаров.