Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда Раяна Азаматованын эки кызын кайтаруу боюнча сот чечиминин аткарылбай жатканы тууралуу кайрылуусун укту.
Азаматованын айтымында, ал 2019-жылдан бери акыйкаттык издеп келет. Анын билдиришинче, ошол жылы мурдагы күйөөсү эки кызын күч колдонуу менен алып кеткен. Ошондон бери балдарын кайтарып алуу үчүн соттошуп келген.
Анын маалыматына караганда, Жогорку сот 12 жана 10 жаштагы кыздарын апасы менен калтыруу тууралуу чечим чыгарганына карабастан, ал ушул күнгө чейин толук аткарыла элек. Ошондой эле сот чечимин аткарбоо фактысы боюнча мурдагы күйөөсүнө карата кылмыш иши козголгонун, бирок маселе бир нече айдан бери чечилбей жатканын билдирди.
Раяна Азаматова учурда соттун чечими менен улуу кызын кайтарып алганын, ал эми кичүү кызын алигиче ала албай жатканын айтты. Мындан тышкары, Жогорку соттун чечими бар экенине карабастан, Ленин райондук сотунда иш кайрадан каралып жатканын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров 10 жана 12 жаштагы кыздарды апасы менен калтыруу тууралуу сот чечими бар болсо, анын эмне себептен аткарылбай жатканын Башкы прокуратуранын өкүлүнөн сурады.
Өз кезегинде Башкы прокуратуранын өкүлү сот чечимин аткарбагандыгы үчүн аялдын мурдагы күйөөсүнө карата кылмыш иши козголгонун жана учурда тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Анын жыйынтыгына жараша тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирди.
Мамлекет башчысы кыздар апасы менен жашашы керектигин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга Раяна Азаматовага жардам көрсөтүп, маселени мыйзам чегинде чечүүнү тапшырды.