Бишкекке 627 автобус сатып алуу пландалууда – мэр

Коом
Бишкекке 627 автобус сатып алуу пландалууда – мэр
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкекке 627 автобус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев президент Садыр Жапаровдун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Шаар жетекчисинин айтымында, жаңы автобекет ишке берилсе, кошумча автобустар керектелет.

Буга байланыштуу компаниялар менен жаңы автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

“8 метрлик автобустар келсе борбор калаага жакын жайгашкан айылдарга да коомдук транспорттун каттамын уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт“, - деди Жунушалиев.