Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Бирдик айылына спорт комплекси курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров район тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысына жергиликтүү тургун балдардын күрөш менен машыгуусу үчүн спорттук комплекс керек экенин айтып кайрылды.
Акимдин пикиринде, комплекс курууга учурда жер тилкеси даяр.
Маселени уккан Садыр Жапаров спорт комплексинин курулуш иштерин кийинки жылдын планына киргизүү керектигин тапшырды.