Өлкөдө балдардын борбордук нерв системасына жана омурткага байланышкан оорулары жылдан жылга көбөйүүдө. Бирок буга карабастан нейрохирургия тармагында кадр жетишсиздиги, заманбап жабдуулардын жоктугу жана каржылоонун аздыгы - негизги көйгөй болуп келет. Мындай шартта ар бир бейтапты сапаттуу кабыл алуу жана өз убагында жардам көрсөтүү дарыгерлер үчүн чоң жоопкерчилик болуп саналат. Бул тармактын оош-кыйыштары жөнүндө “Кабар” агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов айтып берет.

Өлкөдөгү балдар ооруларынын статистикасы
Кыргызстанда бүгүнкү күндө жашап жаткан 7,3 миллион калктын - 37%зы 17 жашка чейинки балдар деп эсептелинет. Башкача айтканда бул - 2,8 миллиондун тегерегиндеги бала бар дегенди билдирет. Ар бир 100 миң баланын ичинен 26 миң бала ооруйт.
Ал эми балдар илдеттеринин арасында төмөндөгү негизги оорулар:
- дем алуу органдарынын (60%);
- тамак сиңирүү системасынын (11%);
- инфекциялык-паразитардык (7%);
- тери жана тери алдындагы май катмарынын (4%);
- нейрохирургиялык оорулар (2,2%) турат.
Бул 100 миң баланын 600ү ар кандай жаракаттарды алышы ыктымал дегенди билдирет.

Өлкө боюнча бала бейтаптарга 45 гана койка каралган
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 20 койкага ылайыкталган Нейрохирургия бөлүмү иштейт. Ал эми Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасында 20 койка жана ошондой эле Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Травмотология жана ортопедия бөлүмүндө балдарга деген 5 койка бар. Атап айтканда өлкөдөгү 2,8 миллион балага болгону нейрохирургиялык 45 койка туура келет. Калган аймактарда жокко эсе.

Дарыгерлер күнү-түнү кызматта
Ал эми кадр маселесине токтолуп, нейрохирургдар жөнүндө айта турган болсок, жогоруда аталган бала санына болгону 13 дарыгер туура келет же өлкө боюнча 13 гана балдар нейрохирургу бар. 100 миң баланын ичинен 600 балада ар кандай жаракаттар болушу мүмкүн. Анын ичинде мээ-кан тамыр системасына (нейротравма) байланышкан оорулар. Буга байланыштуу биздин дарыгерлерге 24/7 режими менен иштөөгө туура келет. Аймактарда катталган бейтаптарга дарыгерлерибиз санавиация менен барып турушат. Негизинен жаштар иштешет. Кадр даярдоо маселесинин өзү көйгөйлүү. Аларды бул тармакка кызыктыруу да кыйын. Жаш дарыгерлер айлык акынын аздыгынан улам жеке менчик оорукана, бейтапканаларга же чет өлкөгө кетип калышууда.

Үч негизги көйгөйдүн бири – заманбап жабдуулардын жетишсиздиги
Андыктан, бизде каржылоонун, балдар нейрохирургдарынын жана заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздиги деген үч негизги маселе бар. Негизи улуттук борбор катары биздин оорукананын заманбап операцияларды жасоо милдети жүктөлгөн. Тилекке каршы, бизде бул процесстерди ишке ашыруу үчүн чыгымдалуучу каражаттар, зарыл нерселер жок. Кымбат баалууларын камсыздай албай калабыз. Болсо да аз санда. Мындан улам ар кандай учурлар, арыздануулар катталып турат.
Заманбап жабдууларды алгандан кийин аларды тейлөө, ага кеткен каражат чыгымдары бар. Туруктуу түрдө камсыздап туруу дагы өзүнчө көйгөй. Мамлекетибиз чакан болгон үчүн тейлөөчү чоң компаниялар келгиси келбейт. Чоң көлөмдүү буйрутма кылган Казакстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрүнө барышы мүмкүн. Бул тууралуу министр Марат Чечейбаев менен планыбыз бар. Эгерде аларды чоң өлкөлөр менен бирге чакырсак утушка ээ болобузбу деген ой жаралат.

Квалификацияны жогорулатуудагы тоскоолдуктар
Кийинки көйгөй - ооруну аныктоо жана алдын алуу үчүн дарыгерлердин квалификациясын жогорулата албай жатканыбыз. Системалуу түрдө уюшулган окутуу процесси жок. Кадрларыбыздын чет жактан алдыңкы өнүккөн тажрыйбаларды алып келишине шарт түзүп бере албай келебиз.
Былтыр 466 бейтап жатып анын 155не операция жасалды. Шунт коюу, гидроцефалия оорусу менен жабыркаган 37 балага, тубаса оорулар менен ооруган16 балага ж.б операциялар жасалган. Анткени менен дарыгерлерибиз заманбап операцияларды жасоого да аракет кылып, өздөштүрүп жатышат. Анын ичинде 29 жолу санавиация менен аймактарга чыгып келишкен. Ош облусунда 4 нейрохирург иштейт. Алар дагы өткөн жылы - 20 пландык жана 40 шашылыш түрдөгү операция жасашкан деп - сөзүн жыйынтыктады оорукананын директору.