Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровго Кант шаарынын тургуну кайрылып, апасынын онкологиялык оорусу жеке менчик “Аквалаб” лабораториясында туура аныкталбай, каза тапканына байланыштуу ишти карап чыгууну өтүндү.
Анын айтымында, апасы 2025-жылдын 12-сентябрында каза болгон. Алгач “Аквалаб” лабораториясында жүргүзүлгөн гистологиялык изилдөөдө онкологиялык оору аныкталган эмес. Кийин башка лабораториялар бул диагнозду тастыктаган. Натыйжада ооруну аныктоо жана дарылоо үчүн маанилүү болгон эки ай убакыт жоголгон.
Жаран бул окуядан кийин президентке видео кайрылуу жасап, ал социалдык тармактарда 3 млн жолу көрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн.
Жаран лабораторияда мөөнөтү өтүп кеткен реагенттер колдонулганын, биологиялык материалдарды сактоо жана ташуу талаптары бузулганын, ошондой эле документтерди бурмалоо фактылары болгонун айтып, бул жагдайлар министрликтин корутундусунда көрсөтүлбөй калганын белгиледи.
Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов лаборатория текшерилип, 65 миң сом айып пул салынганын билдирди. Учурда аталган факт боюнча Ички иштер министрлиги тергөө жүргүзүп жатат. Диагноз коюуда ката кетирген дарыгердин Москвада жүргөнү да айтылды.
Жарандын өтүнүчүнө жооп катары Садыр Жапаров бул ишти карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле мамлекет башчысы ишин так аткарбаган лабораторияларды жабуу керектигин белгиледи.