Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Бишкектеги Панфилов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көзү азиз балдар үчүн мектеп жаңы имарат курулгандан кийин Воронцовка айылына көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири мамлекет башчысына кайрылып, мектепти башка жакка көчүрбөөнү өтүндү. Анын айтымында, учурда билим берүү мекемесинде өлкөнүн жети облусунан келген 240 бала окуйт. Алардын арасында кайрылган аялдын кызы да бар. Ал ата-энелер мектепти мурдагы ордунда калтыруу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышканын, бирок азырынча жооп ала электигин айтты.

Агартуу министри Догдуркүл Кедирбаева мектептин 1939-жылы курулган имаратынын абалы начар экенин билдирди. Анын айтымында, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү мүмкүн эмес жана балдардын жашоо шарттары талапка жооп бербейт. Атап айтканда, бир бөлмөдө 14 балага чейин жашайт.

Министрдин маалыматына караганда, Воронцовка айылынан жаңы мектеп куруу үчүн 3 гектар жер бөлүнгөн. Ал жерде балдар үчүн сенсордук жана тактилдик шарттары каралган заманбап реабилитациялык борбор куруу пландалууда. Ошондой эле балдарды ташуу үчүн автобус бөлүү жана мугалимдердин жашоосуна шарт түзүү маселеси каралууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев азыркы мектеп бир гектарга жетпеген жерде жайгашканын жана эки эски корпустан турарын билдирди. Анын айтымында, имараттар авариялык абалда, спорт залы да жок.
Министр белгилегендей, буга чейин мектептин жаңы имаратын Воронцовка айылына куруу тапшырмасы берилген. Ал эми эски мектептин аймагын инвестициялык долбоорго берүү, андан түшкөн каражатты жаңы имараттын курулушуна жумшоо каралууда.
Президент Садыр Жапаров эски имаратты оңдоо максатка ылайыксыз экенин белгилеп, бир нече жылдан кийин кайрадан авариялык абалга келиши мүмкүн экенин айтты.
“Балдар азырынча ушул жерде окуй беришсин. Воронцовкада мектепти мүмкүн болушунча тезирээк куруп бүткөндөн кийин аларды ошол жакка көчүрөбүз”, — деди мамлекет башчысы.