Чүй районунда 31 соцобъект пайдаланууга берилип, жетөө курулууда

Аймак
Чүй районунда 31 соцобъект пайдаланууга берилип, жетөө курулууда
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.26./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, Чүй районунда отчеттук мезгилде 31 объект курулуп, пайдаланууга берилген, анын ичинде төрт мектеп, үч спорт комплекси, бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, фельдшердик-акушердик пункт, 14 кичи футбол аянтчасы жана административдик имарат бар.

Учурда жети объекттин курулушу уланууда. Атап айтканда, Калыгул-Бурана, Дөң-Арык жана Садовое айылдарында бала бакчалардын, Кара-Дөбө жана Прогресс айылдарында мектептердин, ошондой эле Кегети токой чарбасында башталгыч класстар үчүн мектептин курулушу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Ленин-Жол, Чоң-Жар жана Бурана айылдарында кичи футбол аянтчаларын куруу каралган.