Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга көзү азиз, көп балалуу атага 98 чарчы метрлик батир берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда жаран майыптыгы бар жана көп балалуу ата катары турак жай кезегинде турганын, кезеги келгенин айтты. Анын маалыматына караганда, үй-бүлөсү тогуз адамдан турат.

Ал МИК сунуштаган батир үй-бүлөсүнүн муктаждыгына туура келбей турганын белгиледи. Себеби сунушталган турак жайда үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө орточо 4,4 чарчы метрден туура келет.
Ошондой эле жаран сунушталган батирден баш тартса, кезектен чыгарылып же программадан четтетилиши мүмкүн экенин айтып, үй-бүлөсүнө ылайыктуу аянттагы батир бөлүп берүүнү өтүндү.
Анын айтымында, программада 69дан 98 чарчы метрге чейинки батирлер сунушталууда. Ал мүмкүнчүлүгүнө жараша аянты чоңураак турак жай алууга көмөк көрсөтүүнү суранды.
Президент Садыр Жапаров кайрылууну угуп, жарандын көрүүсү начар экенин жана үй-бүлөлүк жагдайын эске алуу менен өзгөчө тартипте 98 чарчы метрлик батир берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
“Ал көзү азиз жаран экен. Өзгөчө тартипте 98 чарчы метрлик батир берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөлү. Комиссия анын ден соолугунун абалын эске алып, маселени карап, жардам көрсөтсүн”, — деди мамлекет башчысы.