Район жана шаарлар аралык каттамдар жанданат

Коом
Район жана шаарлар аралык каттамдар жанданат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кара-Балта шаарынын тургуну жеке менчигинде болгон автобазанын мамлекетке өтүшүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул маселе мамлекет башчысынын Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Жаран алардын жеке менчигинде болгон автобазанын мамлекеттин карамагына өтүп кеткенине байланыштуу жагдайды айтты.

Жарандын өтүнүчүнө карата президент окуяны тиешелүү органдардан сурап, унаа бекеттер жана аларга тиешелүү объектилер мамлекетке кайтарылып жатканын түшүндүрүп өттү. Анын айтымында, мурда жеке менчикке өтүп кеткен унаа бекеттер Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүүдө.

Мындан улам өлкө боюнча райондордун жана облустардын борборлорунан, чакан шаарлардан Бишкекке түз каттамдарды, ошондой эле райондор аралык каттамдарды кайра жандандыруу пландалууда.

“Жалпы республика боюнча СССР мезгилиндегидей райондун, облустардын борборлорунан, кичи шаарлардан Бишкек шаарына түздөн-түз каттай турган жана райондор аралык каттамдар кайрадан ачылат. Автобустар жана кичи автобустар жүрө баштайт. Ошондуктан, капа болбоңуз. Мамлекетке өткөнү туура эле. Бул элге керек нерсе”, — деди президент.