Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылынын тургуну Россиядан Кыргызстанга экстрадицияланган эжесинин жазасын жеңилдетүүгө же мөөнөтүнөн мурда бошотууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу ал мамлекет башчысы Жайыл районунун тургундары менен жолугушкан учурда айтты.
Анын айтымында, эжеси Алина Токтогулова 2024-жылы Россияда баңгизатка байланыштуу кылмыш иши боюнча кармалган. Ал аталган өлкөдө абакта отургандан кийин быйыл август айында Кыргызстанга экстрадицияланган.
Учурда Токтогулова Степное айылындагы №2 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатат. Анын үч баласы бар.
Маселеге жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууну сунуштады. Эгер бул анын биринчи кылмышы болсо, маселени комиссия карай турганын билдирди.