Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров күн мурун Москва районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Ошондой эле президентке ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, социалдык инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берилди.
Анда мамлекет башчысына маалымдалгандай, учурда райондо бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Атап айтканда, 1,2 млрд сом инвестиция көлөмүндөгү Ак-Суу декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушу уланууда, ал 2 048 га айыл чарба жерин сугаруу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.