Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы менен жолугушту

9 июль 2025 15:45
504377833_1278733874261244_2521136240514040420_n.jpg
515008779_1278733887594576_1297006330490597158_n.jpg
516986240_1278733914261240_6844994870638305682_n.jpg
Алдыга
Артка
504377833_1278733874261244_2521136240514040420_n.jpg
515008779_1278733887594576_1297006330490597158_n.jpg
516986240_1278733914261240_6844994870638305682_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын Жогорку жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту.

Тараптар эки жактуу кызматташтыкты чыңдоо, парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Файзали Идизода мамлекет башчысын тосуп алып, эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук мамилелерди тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Ал Кыргызстанга ЖККУга төрагалык кылуу мезгилинде ийгиликтерди каалап, өлкөнүн аймактык процесстердеги активдүү ролун белгиледи. Ошондой эле ал Өкүлдөр палатасында парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшө турган Кыргыз Республикасы менен жаңы достук депутаттык топ түзүлгөндүгүн маалымдады.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Тажикстан менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин ырастады.

Мамлекет башчысы парламенттердин ортосундагы байланыштарды кеңейтүү контекстинде тиешелүү комитеттердин жана достук депутаттык топторунун катышуусунда эки тараптуу парламенттер аралык механизмди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Белгиленгендей, мындай өз ара аракеттенүү форматы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык деңгээлдеги конструктивдүү диалогго кошумча түрткү бере алат. Мындан тышкары, ал эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы маданий жана диаспоралык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара ишеним жана сый-урматка негизделген мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.