«Кабар» улуттук маалымат агенттиги – Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик маалымат агенттиги жана өлкөдөгү эң алгачкы маалымат агенттиги. Ал 1937-жылы Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин чечими менен Кыргыз телеграф агенттиги (КирТАГ) катары негизделген. Эгемендүүлүк жылдарында агенттик бир нече жолу кайра түзүлүп, 2001-жылдан тартып азыркы «Кыргыз улуттук маалымат агенттиги “Кабар”» деген аталышта иш алып барып келет.
Бүгүнкү күндө «Кабар» агенттиги Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты, экономикасы, маданияты, илими, спорту жана коомдук турмушундагы маанилүү окуялар тууралуу ыкчам жана ишенимдүү маалыматтарды таратып келет. Агенттиктин материалдары кыргыз, орус, англис, түрк, кытай жана араб тилдеринде жарыяланып, өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин эл аралык аудиторияга таанытууга өбөлгө түзүүдө.
«Кабар» агенттигинин негизги милдеттеринин бири – мамлекеттик бийлик органдарынын расмий маалыматтарын коомчулукка өз убагында жеткирүү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн маалыматтык чөйрөдө чыңдоо. Агенттик мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, бизнес-коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйындарын жана пресс-конференцияларды үзгүлтүксүз уюштуруп турат.
«Кабар» агенттиги көптөгөн чет өлкөлүк маалымат агенттиктери менен кызматташат. Ошондой эле агенттик эл аралык маалымат уюмдарынын мүчөсү болуп саналат жана маалымат алмашуу боюнча бир катар келишимдерди ишке ашырып келет.