Кыргызстан футбол жаатында Португалиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар

Жогорку Кеңеш 11975 03 Июль 2025 12:43
514958432_1044898574490031_3003144912881429268_n.jpg
514757459_1044898681156687_2475448173265663901_n.jpg
515206322_1044898691156686_1348943301899641413_n.jpg
515296274_1044898777823344_3780713027426080770_n.jpg
515501582_1044898674490021_8222825267496061978_n.jpg
515508566_1044898571156698_313229782660631578_n.jpg
515769505_1044898774490011_8193175687311183259_n.jpg
516062990_1044898577823364_3169375850477224548_n.jpg
Алдыга
Артка
514958432_1044898574490031_3003144912881429268_n.jpg
514757459_1044898681156687_2475448173265663901_n.jpg
515206322_1044898691156686_1348943301899641413_n.jpg
515296274_1044898777823344_3780713027426080770_n.jpg
515501582_1044898674490021_8222825267496061978_n.jpg
515508566_1044898571156698_313229782660631578_n.jpg
515769505_1044898774490011_8193175687311183259_n.jpg
516062990_1044898577823364_3169375850477224548_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапарынын алкагында Португалиянын Порту шаарындагы футбол стадиону менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Футболчуларга жана күйөрмандарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, стадиондун жетекчилиги менен баарлашкан төрага Кыргызстанда да акыркы жылдары спорттун бул түрүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.

"Андыктан, биз үчүн Португалия мамлекетинин аталган маселеге байланышкан тажрыйбасы өтө маанилүү. Азыркы тапта Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң ири футболдук стадиондун курулушу жүрүүдө. Так эле "Драган" стадионундай 50 миңден ашуун адамга ылайыкташкан спорттук жай ишке берилсе, улуттук эле эмес, эл аралык мелдештерди жогорку деңгээлде уюштурууга өбөлгө түзүлөт", - деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Муну менен катар ал Португалия өзүнүн мыкты футболчулары менен да таанымал экенин кошумчалады.

"Футбол жөн гана оюн эмес. Азыркы глобалдык шартта достукту чыңдаган, ошол эле учурда мамлекеттер аралык байланышты бекемдеген дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат. Ага ылайык, эки мамлекет аталган багыттагы байланыштарга да артыкчылык берип, биргелешип иш алып баруубуз кажет. Айрыкча кыргыз футболчулары дүйнөлүк атакка ээ португалиялык футболчулардан тажрыйба алып, оюн ыкмаларын үйрөнүүгө кызыкдар", - деди төрага.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы аталган мамлекетке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.

Маалымат үчүн: "Драган" стадиону 2004-жылы өткөн Европа чемпионатына карата 2001-жылы түптөлүп, 2003-жылы ишке берилген. Жалпы 52 миң адамга ылайыкташкан стадиондун курулушуна 100 млн еврого жакын каражат жумшалган. "Драган" же кыргызча айтканда "ажыдаар" аталашындагы спорттук жайда көптөгөн эл аралык мелдештер болуп, анын ичинен Европа чемпионатынан тышкары, улуттук лиганын финалы жана 2021-жылы белгилүү Манчестер Сити менен Челсинин клубдарынын соңку таймаштары өткөн. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, 2003-жылы башкы машыктыруучу Жозе Моуриньонун жетекчилиги менен "Порту" клубу Европалык футбол ассоциациялар союзунун (УЕФА) жана Португалия суперлигасынын негизги оюндарында жеңишке жетишкен.