Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. 2027-жылдын 1-январынан тарта "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу ай сайынкы төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Маалыматка ылайык, парламент тиешелүү мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Камила Талиева кошумча төлөмдүн өлчөмү 2011-жылдан бери өзгөртүлбөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баанын өсүшүнө байланыштуу азыркы 1 миң сомдук төлөмдүн колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү төмөндөгөн.
Жаңы өлчөмдөгү төлөмдү 30 миң 609 эне ала баштайт. Бул максатта 2027-жылдын бюджетинде 1,5 млрд сомго жакын каражат каралган.
Белгилей кетсек, тиешелүү жарлыкка президент буга чейин кол койгон.