Эмгек министрлиги баатыр энелерге төлөм кандай жүргүзүлөрүн түшүндүрдү

Коом Загрузка... 03 Апрель 2025 09:32
2444437.20ee2a75d1544e12b8f623822c0ac4e1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги депутат Бакытбек Мариповго баатыр-энелердин төлөмдөрү боюнча жооп берип, баатыр энелерге төлөм кандай жүргүзүлөрүн түшүндүрдү.

Министрлик пенсия менен камсыз болууга укугу жок баатыр энелерге 55 жашка толгондо ай сайын социалдык жөлөкпул дайындоону жана төлөөнү жүзөгө ашырат.

Бүгүнкү күндө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3 000 сомду түзөт.
2025-жылдын 1-мартына карата ай сайын социалдык жөлөкпул алган баатыр энелердин саны 114 адамды түзөт.

Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда жашаган көп балалуу энелерди колдоо максатында КР президентинин жарлыгы менен 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөгөн көп балалуу энелерге балдардын ырааттуулугуна жараша 100 миң сомдон 2 млн.сомго чейинки өлчөмдө "Бала Береке" бир жолку төлөм белгиленген.

"Бала Береке" бир жолку төлөмү бала бир жашка чыкканда жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн: Пенсия курагына жеткенде ( 58 жашка толгондо) пенсиялык камсыздандырууга укуктуу баатыр энелер пенсиясын КР Социалдык фонду аркылуу алышат.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамынын 13-беренесине ылайык "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелерге пенсия курагына жеткенде пенсияга кошумча 1000 сом өлчөмүндө төлөө каралган.