Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун III окууда кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жыйында "Экологиялык экспертиза жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы Кубанычбек Самаков тааныштырды.
Мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын конституциялык нормаларга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирүүгө багытталган.
Жыйында мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген бир катар мыйзам долбоорлору дагы үчүнчү окууда колдоо тапты.
Алар төмөнкүлөр:
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору;
- "2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларусь өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстан жарандарынын Беларусьн аймагында жана Беларусь жарандарынын Кыргызстан аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору;
- "2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында жана Гонконг шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору.