ЖК бир катар мыйзам долбоорлорду II жана III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш
image4.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image5.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
image4.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image5.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорду II жана III окууда кабыл алды.

Алсак, бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.

Мыйзам долбоорун тааныштырган Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоору улуттук мыйзамдарга санариптик далилдер институтун киргизүү, ошондой эле Санарип кодексинде колдонулган санариптик технологияларга байланыштуу терминологияны бирдейлештирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Салтанат Аманова санариптик чөйрөдөгү кылмыштарга, анын ичинен порнографиялык материалдарды жана башка тыюу салынган контентти таратууга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселесин ортого салды. Депутат Уланбек Жаанбаев да мыйзам долбоорун колдоп, санариптик технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын көбөйүшүн эске алуу менен мыйзамдарды өркүндөтүү керектигин билдирди.

Андан тышкары, жыйында "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору III окууда жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, "Медиация жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору II окууда кабыл алынды.