Россия кыргыз жарандарынын билим алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр

Жогорку Кеңеш
Россия кыргыз жарандарынын билим алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Россия кыргызстандык жарандардын өлкөдөгү мектептерде жана жогорку окуу жайларда билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушууда Россиянын Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова билдирди.

Парламенттин маалыматына ылайык, жолугушууда Маматалиев кыргызстандык балдарды Россиянын мектептерине кабыл алууда милдеттүү тил сынагынан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын мектептеринин базасында алдын ала тестирлөө жана консультация берүү борборлорун түзүү демилгесин көтөрдү.

Мындан тышкары, төрага Кыргызстанда орус тилинде билим бере турган тогуз мектепти куруу боюнча биргелешкен долбоор үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди. Анын алкагында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы алгачкы үч мектепти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.