Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын балдарды эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү жаатындагы тажрыйбасы Бангкок шаарында өткөн эл аралык сессияда тааныштырылды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, министр Догдуркүл Кендирбаева иш-чарада өлкөдөгү балдардын 55 пайыздан ашыгы эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтылганын белгиледи.
Ал мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, кыска мөөнөттүү жана үй-бүлөлүк бала бакчаларды өнүктүрүү, инклюзивдүү шарттарды түзүү жана алыскы аймактардагы балдарга билим берүү кызматтарын жеткирүү боюнча тажрыйба менен бөлүштү.
Сессияда Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү балдарды багуу кызматтарын өнүктүрүү жана бул багыттагы тажрыйбаларды алмашуу маселелерин талкуулашты.