Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусунда жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Кабыл алуу президент Садыр Жапаровдун Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында уюштурулду.
Жарандар мектептерди жана бала бакчаларды куруу, билим берүү мекемелерин оңдоо, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, жумушка орношуу, ошондой эле мектептерде инклюзивдик жана коррекциялык класстардын санын көбөйтүү маселелерин көтөрүштү.
Министр кайрылууларды угуп, маселелер боюнча түшүндүрмө берди. Ошондой эле аларды белгиленген тартипте карап чыгып, чечүү жолдорун аныктоо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.