Садыр Жапаров Агартуу министрлигин толук санариптештирүүнү талап кылды

Билим
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Аксы районунун эли менен жолугушууда Агартуу министрлигинин ишин санариптештирүү жана башкаруу сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы министрликтин ишмердүүлүгүндөгү негизги көйгөйлөрдүн бири катары санариптештирүүнүн жетишсиздигин атап, окуу китептеринин аймактарга жеткирилиши жана бөлүштүрүлүшү боюнча маалыматтарды электрондук көзөмөлгө алуу керектигин айтты.

”Кайсы районго канча китеп жетти, канчасы таратылды, канчасы дагы жетпейт — ошону тактагыла”, — деген президент мамлекеттик жана жеке мектептердеги мугалимдердин санын санариптик системага киргизүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров 12 жылдык билим берүү системасына өтүү маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп келгенин айтып, бул багыттагы ишти улантуу жана министрликтин ишин толук электрондоштуруу зарылдыгын белгиледи.