Бизде инсульт – көбүнчө улгайган адамдарда кездешет деген түшүнүк калыптанып калган.Чындыгында, балдар дагы бул илдеттен жабыркашат. Алар бул оору менен төрөлгөндө, ымыркай кезинде же өспүрүм куракта оорушу мүмкүн. Инсульт балдарда сейрек кездешкени менен кооптуулугу жогору болуп саналат. Мындан улам “Кабар” агенттиги балдарды эрте куракта жабыркаткан бул оорунун келип чыгуу себептерин билип, анын алдын алуу, айыгуу жолдорун дарыгерлерден сураштырып көрдү.

Инсульттун - ишемиялык жана геморрагиялык деген эки түрү кездешет.
- Ишемиялык инсульт – кан тамыр бөгөлүп, (кан уюп), мээге кан жетпей калат.
- Геморрагиялык инсульт – кан тамыр жарылып, мээнин ичине кан куюлат.
Дүйнөлүк статистикада 100 миң баланын ичинен бул ооруга 13 бала чалдыгат. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы төрөлгөндөн тарта 14 жашка чейинки балдар арасында геморрагиялык инсульттун 254 учуру катталган.
Бул оорунун келип чыгуу себептери тууралуу тажрыйбалуу балдар неврологу, жогорку категориядагы дарыгер – Нурмухамед Бабажанов төмөндөгүлөрдү билдирет.

“Төрөт маалында кычкылтектин жетпей калуусу, жүрөк кемтиктери – айрыкча тубаса жүрөк оорулары, кан уюп калуу оорулары, инфекциялар – менингит, энцефалит сыяктуу мээге тиешелүү оорулар, мээ кан тамырларынын аномалиялары – туура эмес же тайыз кан тамырлар, алардын ичкерип кетүүсү жана баш мээ жаракаттары – катуу урулган, сокку алган учурлар жана атеросклероз, артериалдык гипертензия оорулары балдар инсультунун негизги себептери.
Ал эми белгилери жөнүндө айта турган болсок, жаңы төрөлгөн ымыркайлар - эмүүдөн баш тартат, кол же буту шалдайып калат жана калтырайт (судороги).
Ал эми чоңураак балдарда - беттин бир тарабы кыйшаят, кол же буттун кыймылдабай калуусу, баш айлануу, жыгылып калуу, сүйлөөдө кыйналуу же сүйлөй албай калуу, баш оору, кусуу жана эс-учун жоготуу белгилер болот”, - деди дарыгер.
Ал эми бул оорунун алдын алуу жолдору тууралуу дарыгер төмөндөгүлөрдү белгиледи:
- баланы төрөлгөн күндөн тарта дарыгерлердин көзөмөлүндө кармоо;
- жыл сайын пландуу текшерүүлөрдөн өткөрүп туруу;
- спорттун оор түрлөрүнө катыштырууга чейин медициналык текшерүүдөн өткөрүү.
- нерв системасында кемчиликтер, кошумча патологиялар бар-жогун текшерүү.
- бала кандай өсүп жатат, физикалык жана нейропсихологиялык жактан өнүгүүсүн текшерүү.
- кан тамырлардын абалын текшерип туруу.
"Ар бир ата-эне баласынын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул инсульт өңдүү оорулардан сактануунун негизги жолу. Ошондой эле ооруну эрте аныктоо, атайын адистердин көзөмөлүндө болуу менен коркунучту азайтууга болот", - деди ал.

Дарыгер белгилегендей, 3-4 жашта окулисттин кароосу маанилүү. Көздүн түбүн текшерүү аркылуу дарыгер мээнин кан тамырларынын абалын көрө алат. Спазм (тартышуу) бар-жогу текшерилет. Муну менен кан тамырлар талаптагыдайбы, кысылган же кеңейип кеткен жери барбы деген суроонун жообун алууга болот.
Анын айтымында айрыкча көңүл бурула турган органдар төмөнкүлөр:
- Жүрөк – жүрөк кемтиктери барбы;
- Кан тамырлар – кан айланууда тоскоолдук жокпу;
- Электрокардиограмма (ЭКГ) – жүрөктүн ритмин текшерүү;
- Нейросонография – айрыкча 1 жашка чейинки балдар үчүн маанилүү. Бул текшерүү мээнин түзүлүшүн, кан тамыр системасын баалайт.
"Коркунуч тобу" деп аталган – тубаса кемтиги бар же генетикалык жактан ооруга жакын балдар – өзгөчө көзөмөлдө болушу керек.
Бабажановдун айтымында, COVID-19 оорусу дагы балдардын инсультка кабылуу учурларын жогорулаткан. Себеби - вирус инфекциясы балдардын кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет. Ал кан тамырларда сезгенүү жаратып, алар кысылып, ишемиялык инсультка алып келүү коркунучу жаралат.
Ошондой эле, бул илдет невропатологдор менен катар эле нейрохирургдардын иши болуп саналат. Балдар кандайдыр бир оор жаракаттарды алган учурда же оорунун геморрагиялык түрүндө нейрохирургдар операция жасоо жолдору менен бейтапка жардамын көрсөтүшөт.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов жол кырсыктары, сууга секирүү учурунда жаракат алган учурда балдар инсульт оорусуна кабылышы мүмкүн экендигин билдирди.

“Мындан тышкары, учурдагы тамактануу жана жашоо образы да таасирин тийгизет. Себеби, балдардын кыймыл-аракети азайып, гаджеттерге байлануу, майлуу жана туздуу тамактардын көбөйүшү, ашыкча салмак, артериалдык гипертензия жана атеросклероз сыяктуу факторлор да мээ кан тамырларын жабыркатып жатат. Жаңы төрөлгөндөн 3 жашка чейинки куракта билинбей өткөн инсульттар кийин ДЦП (церебралдык шал) оорусуна алып келиши мүмкүн. Дарыгерлер бул диагноз коюлган балдардын 30%ында мээге кан куюлуу же кислород жетпей калуу болгонун белгилешет”-деди мекеменин директору.
Ошондой эле дарыгер сергек жашоо образы, баланы алты айга чейин эмизүү, мээрим төгүү, сөздүн түрдө эмдөө – инсульттун алдын алууда маанилүү экендигин белгиледи.