Папилломага каршы эмдөө. Кыргызстан Европада алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

Ден соолук 1709 29 Апрель 2026 17:35
b13012ab-cefa-43c0-b72e-1f3514e2d323.jpg
7c6a77d7-b92b-41b2-b72d-500fd1363179.jpg
b5684b2c-f723-46f6-b6e2-b539131470ff.jpg
c4ddde6b-6255-4224-99e9-bd9aeba56c0d.jpg
c013274b-a78d-450c-859a-9f2b790d0f89.jpg
cbc83549-b050-4ce7-b010-3c21c4b494a0.jpg
edf60afb-227d-4288-8a25-14689cceabc4.jpg
Алдыга
Артка
b13012ab-cefa-43c0-b72e-1f3514e2d323.jpg
7c6a77d7-b92b-41b2-b72d-500fd1363179.jpg
b5684b2c-f723-46f6-b6e2-b539131470ff.jpg
c4ddde6b-6255-4224-99e9-bd9aeba56c0d.jpg
c013274b-a78d-450c-859a-9f2b790d0f89.jpg
cbc83549-b050-4ce7-b010-3c21c4b494a0.jpg
edf60afb-227d-4288-8a25-14689cceabc4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысованын катышуусунда жатын моюнчасынын рагын алдын алуу жана эрте аныктоо боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ЮНФПА жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде Кыргызстандын адам папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө жаатындагы ийгиликтери өзгөчө белгиленди. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө эмдөө менен камтуу 90,5%ды түзүп, Кыргызстан Европа чөлкөмүндө бул вакцинаны ийгиликтүү киргизген алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги жөнөкөй тесттен алдын алуунун системалуу моделине өтүүдө. Бул моделде ар бир аял чакыруудан баштап, дарылоого чейинки толук көзөмөлдө болот. Ошондой эле Министрлик ооруну эрте аныктоо үчүн эң натыйжалуу ыкма болгон АПВ-тестирлөөнү киргизүүнү карап жатат. Учурда АПВ-тестирлөөнү республика боюнча жайылтуунун жол картасы иштелип чыгууда.

"Скринингдин алтын стандарты катары АПВ-тестирлөөгө өтүү оорунун өнүгүшүнө чейин бир нече жыл мурда тобокелдиктерди аныктоого жана алдын ала чара көрүүгө мүмкүндүк берет", - деди Ишенапысова.

Адистердин айтымында, эмдөө менен уюштурулган скринингди айкалыштыруу бул коркунучтуу ооруну коомдук саламаттык сактоо маселеси катары биротоло жоюуга жол ачат.