Аллергия же жөнөкөй суук тийүү экендигин кантип айырмалоого болот?

Ден соолук Загрузка... 27 Апрель 2026 12:35
WhatsApp_Image_2026_rSZsOEN.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Кыргызстанда кеңири тараган аллергиянын түрлөрү, алардын КРВИден айырмасы жана тукумда бар учурдагы тобокелдикти азайтуу жолдору тууралуу “Кабар” агенттигине аллерголог, жогорку категориядагы дарыгер Жыпара Кыдырова айтып берет.

Кыргызстанда аллергиянын кайсы түрлөрү көп кездешет жана анын белгилери кандай?

Аллергиянын эң көп тараган түрү – бул өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгилине жана чаңчага байланышкан сезондук аллергия. Ошондой эле үй чаңына жана чаң кенелерине байланышкан тиричилик аллергиясы да кеңири кездешет. Мурундун бүтүшү, көздөн жаш агышы, ошондой эле теринин кызаруусу жана кычышуусу да буга мүнөздүү.

— Аллергияны жөнөкөй суук тийүүдөн кантип айырмалоого болот?

— Негизги айырмасы - анын узактыгы. Суук тийүү адатта бир нече күндө өтүп кетет жана ал алгач күчөп, андан кийин туу чокусуна жетип, анан акырындап жакшыра баштайт. Ал эми аллергия жумалап, а түгүл айлап созулушу мүмкүн жана толкун сымал өтөт. Кээде күчөп, кээде басаңдап турат. Мында организмдин катуу уулануу белгилери байкалбайт.

— Аллергия мурундун бүтүшү же теридеги өзгөрүүлөр менен гана эмес, чарчоо же баш оору менен да коштолушу мүмкүнбү?

— Ооба. Мурундун тынымсыз бүтүшү кычкылтектин жетишсиздигине алып келип, дем алууну бузат жана уйкунун сапатын начарлатат. Натыйжада чарчоо, ишке болгон жөндөмдүулүктүн төмөндөшү жана баш оорулар пайда болот. Көп учурда адамдар муну өзүнчө көйгөй катары кабыл алышат, бирок бул аллергиялык процесске байланыштуу болот.

— Аллергиянын адамдар көңүл бурбай койгон же байкабай калган жашыруун белгилери барбы?

— Көпчүлүк учурда аллергиянын ачык белгилери болот. Бирок айрым учурларда ал жеңил өтүп, адам ага маани бербей калышы мүмкүн. Мындайда толук дем ала албай, көкүрөктө оордук сезилип же түнкүсүн теринин кычышуусу сыяктуу белгилери болушу мүмкүн.

— Аллергиянын пайда болушун жана күчөшүн азайтуучу кандайдыр бир чаралар барбы?

— Негизги ыкма — аллергендер менен болгон байланышты мүмкүн болушунча азайтуу. Сезондук аллергияда гүлдөө мезгилинде сыртта көп жүрбөө, мурунду жана көздү жууп туруу, терезелерди жабык кармоо же кондиционер колдонуу сунушталат. Аллерген менен байланыш канчалык аз болсо, аллергия ошончолук жеңил өтөт.

— Тукумда бар болгон учурда аллергиянын тобокелдигин азайтууга мүмкүнбү?

— Ооба, мындай учурда да аллергендер менен байланышты азайтууга багытталган жашоо образын кармануу маанилүү. Ошондой эле күн тартибин, тамактанууну жана физикалык активдүүлүктү туура сактоо керек.

— Аллергиянын белгилерин азайтуу үчүн үй тиричилигин кантип туура уюштуруу керек?

—Түктүү килемдер, плед жана башка текстилдик буюмдарды - чаңды көп топтогон буюмдардан оолак болуу сунушталат. Ошондой эле жүн жууркандарды жана мамык жаздыктарды колдонбоо жакшы, анткени алар чаңды топтоп, аллергияны күчөтүшү мүмкүн.

— Аллергия жаш куракка байланыштуу пайда болобу?

— Аллергия ар кандай куракта пайда болушу мүмкүн. Балада, чоң кишиде да, ал тургай улгайган куракта да биринчи жолу пайда болгон учурлар кездешет.

— Аллергияны дарылоо оорбу?

— Эгер убагында кайрылса дарылоо кыйын эмес. Бирок дарылоо кечиктирилсе, оору күчөп, аллергендердин түрү көбөйүшү мүмкүн. Бул учурда дарылоо татаалдашып, узак убакытты талап кылат.