Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Жай мезгилинин келиши менен өзгөчө жаңы конуштарда жана көп кабаттуу үйлөрдө мүлк уурулук көбөйүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Уурулук фактыларынын катталып жатканына жайкы эс алуу маалында үй-бүлөлөр шаардан убактылуу чыгып кеткени башкы себептерден экени белгиленет. Ошондой эле уурулар ысык аба ырайында терезе же эшиктердин ачык калганынан да пайдаланып, кылмыш кылышат. Уурулуктун айынан жарандар материалдык зыянга учуроодо.
Ыкчам кырдаалдын талдоосу көрсөткөндөй, уурулук жасагандар узак убакыт бою эч ким келбеген жана эч кандай көзөмөл жок батирлерди тандашат.

Мүлккө каршы кылмыштарды болтурбоо маселеси ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, ошол эле маалда жарандардын сактык чараларына да көз каранды экенин унутпоо кажет.

Буга байланыштуу милиция жарандарды жеке мүлктөргө сак болууну жана коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгын эскертип, бир катар сунуштарды берет:
- Эшиктерди, терезелерди жана балкондорду бекем жабыңыз;
- Терезелерге темир торлорду орноткон оң;
- Үйдө ири суммадагы акча каражаттарын жана баалуу буюмдарды калтырбаңыз;
- Батир, подъезд, чатыр жана жер төлөлөрдүн коопсуздугуна маани бериңиз;
- Мүмкүнчүлүк болсо сигнализация же видео көзөмөл орнотуңуз;
- Сиз үйдө жок болгон учурда туугандарыңыздан, кошуналарыңыздан же тааныштарыңыздан батирди кээде карап турууну сураныңыз;
- Социалдык тармактарда эс алууга кеткендигиңизди жарыялабаңыз;
- Турак жайга уруксатсыз кирүү аракеттери же башка шектүү иш-аракеттерден жапа чеккен болсоңуз же мыйзамсыз аракеттердин күбөсү болуп калсаңыз, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз, ошондой эле күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине тез арада кабарлаңыз;
- Велосипед, балдар арабасы (коляска) жана унаалар уурулардын жеми болуп калышы мүмкүн. Аларды уурдоого каршы ишенимдүү каражаттарды колдонуу керек.
