Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. №3 Балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жайылган мезгилинде оорунун алдын алууга өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Дарыгердин айтымында, балада оорунун алгачкы белгилери байкалганда, ал толугу менен сакайганга чейин мектепке жана бала бакчага жибербей туруу зарыл. Бул чара балдар арасында инфекциянын жайылышын алдын алууга мүмкүндүк берет.
"Сасык тумоонун алдын алууга басым жасоо маанилүү. Бала ооруп калганда сакайганча мектеп, бала бакчага жибербей туруу керек", — деп белгиледи башкы дарыгер.
Адистер ошондой эле ата-энелерди балдардын өздүк гигиенаны сактоосун көзөмөлдөөгө, бөлмөлөрдү бат-баттан желдетип турууга жана оорунун белгилери байкалганда дароо дарыгерге кайрылууга чакырышат.