Кыргызстанга сасык тумоого каршы дагы 100 миң доза вакцина келет

Ден соолук
Кыргызстанга сасык тумоого каршы дагы 100 миң доза вакцина келет
copyright icon WWW

Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Кыргызстанга сасык тумоого каршы дагы 100 миң доза вакцина алып келүү күтүлүүдө. Бул калкты, айрыкча тобокелдик тобуна кирген адамдарды эмдөөдөн өткөрүүнү улантууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026–2027-жылдардагы эпидемиологиялык сезонго даярдыктын алкагында буга чейин сатылып алынган вакциналар менен тобокелдик тобундагы адамдарды эмдөө аяктады. Жалпысынан 63 миң 734 доза вакцина толугу менен колдонулган.

Мындан тышкары, сасык тумоого каршы вакцинаны акы төлөп, төмөнкү 12 жеке медициналык мекемеден алууга болот:

  • "Кроха";
  • "Малыш";
  • "ЦАДМИР";
  • "Поликлиника-312";
  • "Интермедикал";
  • "Комфорт Медик";
  • "Эдельвейс";
  • "Клиника 21";
  • "Авиценна";
  • "Чипенко";
  • "Мама Доктор";
  • "Аллерго Эксперт".

Вакцинанын бир дозасынын баасы 450 сомдон 1 100 сомго чейин жетет.