Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин өлкөгө "Гриппол+" вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатып алынган, дагы 100 миң доза жеткирилери күтүлүүдө.
"Эмдөө биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку жарандарга, кош бойлуу аялдарга, тез-тез ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине жүргүзүлөт. Алар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз эмделе алышат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 24-31-октябрь аралыгында өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 10 миң 432 учуру катталган. Ооругандардын 68,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзгөн.