Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Эмдөө менен аутизмдин өнүгүшүнүн ортосунда байланыш бар экенин миллиондон ашык балдарды камтыган ири изилдөөлөр тастыктаган эмес, эмдөө - бул жугуштуу оорулардын, майыптыктын жана өлүмдүн алдын алуунун натыйжалуу жолдорунун бири. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинедеги маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вакцина менен алдын алууга мүмкүн болгон оорулар жана иммунизация маселелери боюнча кызматкери Жанара Бекенова билдирди.

Анын айтымында, ар бир ата-эне баласын эмдетүүдөн мурда анын коопсуздугу, зарылдыгы жана мүмкүн болуучу кесепеттери тууралуу суроо бериши табигый көрүнүш. Бул суроолорго берилген жооптор ушак-айыңдарга жана коркунучтарга эмес, илимий маалыматтарга жана далилдерге негизделиши маанилүү.
“Вакцинаны иштеп чыгуунун баштапкы этабынан тартып аны колдонууга чейин бир нече жылдык изилдөө жана текшерүү жүргүзүлөт. Эреже катары, бул мезгил болжол менен 10–15 жылды түзөт. Вакцина каттоодон өткөнгө чейин лабораториялык жана клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу бааланат. ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан сатылып алынган вакциналар үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кошумча көзөмөл механизми иштейт. Бул процесстин жүрүшүндө эксперттер вакцинанын өзүн гана эмес, аны өндүрүүнүн бардык процессин жана сапатын көзөмөлдөө иштерин да баалашат. Вакцина колдонула баштагандан кийин да анын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү улантылат”,- деди ДССУнун өкүлү.
Бекенова ата-энелерди тынчсыздандырган эмдөө менен аутизмдин ортосундагы байланыш маселесине да токтолду.
“Аутизмдин белгилери көбүнчө профилактикалык эмдөөлөр жүргүзүлө турган куракта, болжол менен бир жаштан бир жарым жашка чейинки мезгилде байкала баштайт. Бирок, бул убакыт боюнча дал келүү эмдөө аутизмге себеп болот дегенди билдирбейт. Миллиондон ашык балдардын маалыматтарын камтыган көптөгөн ири изилдөөлөр эмдөө менен аутизмдин өнүгүшүнүн ортосунда байланыш бар экенин аныктаган эмес. Данияда жүргүзүлгөн ири масштабдуу изилдөөдө бир миллиондон ашык баланын 20 жылдан ашык убакыттагы маалыматтары талданган. Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө вакциналардын курамындагы алюминийдин таасири менен аутизм спектриндеги бузулуулар жана гиперактивдүүлүк синдрому, аутоиммундук жана атопиялык аллергиялык оорулар сыяктуу өнөкөт патологиялардын ортосунда эч кандай байланыш аныкталган эмес. Ошондуктан эмдөөлөр аутизмдин себеби эмес деп так айта алам”, - деп баса белгиледи ал.
Ал ошондой эле эмдөөнүн мааниси оорунун алдын алуу менен гана чектелбей турганын белгиледи.
“Эмдөө ар бир баланы гана эмес, бүтүндөй коомду, анын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайларды, иммунитети алсыз адамдарды жана медициналык себептерден улам эмдөө ала албаган адамдарды да коргойт. Бүгүн эмдөө жүргүзүү менен биз эртеңки оорулардын, майыптыктын жана өлүмдүн алдын алабыз”, — деди Бекенова.
Белгилей кетсек, Жанара Бекенова маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн эмдөө боюнча маалыматтарды таратууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
“Балага эмдөө жүргүзүү алдында ата-энелер социалдык тармактардагы тастыкталбаган маалыматтарга эмес, квалификациялуу медицина кызматкерлеринин пикирине жана текшерилген маалымат булактарына таянуусу маанилүү. Фактыларга, илимге ишениңиздер, медицина кызматкерлери менен кеңешиңиздер. Эмдөө — балдарыбыздын, үй-бүлөбүздүн жана келечек муундардын ден соолугуна ишенимдүү салым”, — деп жыйынтыктады Бекенова.