Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Кыргызстанда "Гриппол+" вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатып алынган.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда өлкөнүн бардык аймактарында эмдөө уланууда.
"Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандар: өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан жогорку жарандар, кош бойлуу аялдар, көп ооруган балдар жана медицина кызматкерлери эмделүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Аталган категориядагы жарандар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз эмдөөдөн өтө алышат.
Мындан тышкары, каалоочулар 12 жеке медициналык уюмда акы төлөп эмделе алышат. Алардын катарында "Кроха", "Малыш", "ЦАДМИР", "Поликлиника-312", "Интермедикал", "Комфорт Медик", "Эдельвейс", "Клиника 21", "Авиценна", "Чипенко", "Мама Доктор" жана "Аллерго Эксперт" бар.
Жеке клиникаларда вакцинанын бир дозасы 450 сомдон 1 100 сомго чейин турат.